Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Бишкекте окуучулардын аскер даярдыгы боюнча спартакиада өтөт


Жаштардын аскерге даярдыгы боюнча кесиптик-техникалык окуу жайлардын окуучулары арасында өтүүчү республикалык спартакиада Бишкекте өтөт.

Бул тууралуу “Эмгек резерви” дене тарбия жана спорт боюнча Республикалык жаштар борборунун директору Улан Эралиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 22-октябрда башталып 2 күнгө созулган мелдешке 7 облустан жана Бишкек шаарынан 8 командадан 100гө жакын окуучу катышат. Алар чуркоо, мылтык атуу, турникке тартылуу, автоматты чачып чогултуу, аскердик эстафета (4х400) боюнча мелдешип, Койташ аскердик бөлүгүнөн жоокерлердин бир күндүк жашоосу менен таанышып, аскердик тапшырмаларды аткарышат.

Спартакиаданын жүрүшүндө катышуучулар үчүн Ата-Бейит мемориалдык комплексине, И. В. Панфиловдун ачык музейине жана Бишкек шаарындагы эстелик музейлерге экскурсия уюштурулат. Окуучуларды мекенчилдикке үндөгөн бул иш чара Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги жана Куралдуу күчтөрдүн башкы башкармалыгы менен биргеликте быйыл 14-жолу өткөрүлөт. (ECh).

XS
SM
MD
LG