Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:49

Палестиндер Жусуп пайгамбардын күмбөзүнө өрт коюшту

Палестин полициясы Жусуп пайгамбардын саганасын күзөтүшүүдө. Наблус шаары, 25-апрель 2011
Палестин полициясы Жусуп пайгамбардын саганасын күзөтүшүүдө. Наблус шаары, 25-апрель 2011

Батыш Иорданда палестиналыктар жөөттөрдүн саганасын өрттөп жиберишти. Израил аскерлеринин билдиришинче, 100 чамалуу палестин Наблус шаарында Жусуп пайгамбардыкы делген күмбөздү өрттөп салышкан.

Исламчыл Хамас тобу 16-октябрды “Кек алуу күнү” деп жарыялаган. Батыш Иорданда эки жумадан бери жүрүп жаткан чатакташууда 32 палестиналык араб жана 7 жөөт өлгөн.

Бул коогалаң бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынында каралат. Жаңжал жөөттөр Иерусалимдеги мусулмандар ыйык эсептеген ал-Аска мечитине ээ чыкканы жатыптыр деген каңшаардан улам башталган.

Мечит турган жайды жөөттөр Храм тоосу деп атап, ыйык тутушат.

XS
SM
MD
LG