Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

Манас эстелигине жарыяланган сынак аяктады


Түркиянын Стамбул шаарына орнотулчу Манас эстелигинин сынагына жыйырма чакты долбоор келип түшкөн. Бул тууралуу сынактын автору жана демөөрчүсү, ишкер Темирлан Сарлыкбек “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, сынактын жеңүүчүсү 17-октябрда аныкталат. Жеңүүчүнү аныктоо иш-чарасы Бишкектеги А. Осмонов атындагы китепканада өтөт.

Калыстар тобун белгилүү манасчылар менен Манас таануучулар түзөт. Манастын айкелин Стамбул шаарына орнотуу демилгесин Темирлан Сарлыкбек уулу бир жыл мурун көтөрүп, жергиликтүү бийликтин тийиштүү уруксатын алган. Айкелдин бийиктиги төрт метр болуп, колодон жасалат. Эстеликтин ачылышы келерки жылы Нооруз майрамында Стамбул шаарында болору күтүлүүдө.

Манастын эстелиги Стамбулдагы “Түрк дүйнөсү” шаарчасына тургузулат. Аталган шаарчада түрк дүйнөсүнө тиешелүү эстеликтер, боз үй жана башка маданий мурастар орнотулган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG