Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

КМШ жетекчилери аскердик кызматташууну чыңдашат


КМШ мамлекеттеринин башчылары Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында. Акмоло облусунун Бурабай шаарчасы. 16-октябрь 2015
КМШ мамлекеттеринин башчылары Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында. Акмоло облусунун Бурабай шаарчасы. 16-октябрь 2015

КМШ лидерлери 17 документке кол коюшту. Алардын ичинде эл аралык террорчулукка каршы күрөшүү боюнча кайрылуу жана 2020-жылга аскер кызматташтык тууралуу келишим да бар.

Келишимдерге Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери Казакстандын Бурабай шаарчасында аяктаган саммитте кол коюшту.

Жыйында Улуттар Уюмунун 70 жылдыгына байланыштуу кайрылуу да кабыл алды. Анда БУУнун Коопсуздук кеңеши учурдун талабына ылайык өкүлчүлүктүү болуш керектиги сунушу да айтылган.

Президент Путин аскердик кызматташууну бекемдөө зарылдыгын Ооганстанда “кырдаал кыйын абалга жакындап” калганына жана ал жактагы исламчыл террорчулардын максаты “Борбор Азияга кирүү” коркунучуна байланыштуу түшүндүрдү.

Жыйынга Молдова, Түркмөнстан жана Украинанын өкүлдөрү байкоочу катары катышты. Лидерлер КМШнын кийинки жыйыны 2016-жылы 16-сентябрда Кыргызстанда өтөрүн белгилешти.

XS
SM
MD
LG