Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

КМШ төрагалыгы Кыргызстанга өттү


Шериктеш мамлекеттеринин президенттер кеңешинин кийинки саммитин 2016-жылы 16-сентябрда Кыргызстанда өткөрүүнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев сунуштады.

Атамбаев бул тууралуу Казакстанда бүгүн өтүп жаткан саммитте сүйлөгөн сөзүндө айтып, Кыргызстан КМШ төрагалыгын шериктештикке мүчө мамлекеттердин өз ара ынтымагын бекемдөө, кызматташтыгын өнүктүрүү жаатында жемиштүү иштеп берүүгө даяр экенин билдирди.

2016-жылы Кункорсуз мамлекеттер шериктештиги уюмуна 25 жыл толот. Уюмга Латвия, Литва, Эстония жана Грузиядан башка мурдагы союздук республикалар мүчө болуп кирген.

Кийинки бир жылда уюмга Казакстан төрагалык кылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG