Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Ошто мекендешин өлтүрүүгө шектелген кытайлык жаран эки айга камалды


1973-жылы туулган кытайлык жаран Цао Янься аттуу аялды өлтүрүүгө шектелип Ош шаардык соту тарабынан эки айга абакка кесилди. Ал келинди жеке чырдан кийин өч алуу максатында өлтүргөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

12-октябрда Ош шаарындагы "Таатан" базарынын кампасынан бычакталып өлтүрүлгөн 42 жаштагы кытайлык аялдын сөөгү табылган. Ал желим терезе жасаган фирмада иштеп, кампада жашап келген.

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов ээлик кылат деген "Таатан" базарында 400дөй кытай жарандары соода кылышат. Расмий маалымат боюнча, Ош шаарында ишкерлик кылууга бул өлкөнүн 200дөй жараны уруксат алышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG