Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Оштогу окуучу, студенттердин көбү жума намазга кетип калышат


Ош шаарында мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери сабак учурунда намазга кетип жатканы көбөйүүдө. Бул тууралуу калаада күч органдары, динаятчылар, агартуучулар жана жаштар катышкан Оштогу атайын жыйында айтылды.

Мугалимдер белгилегендей, бул көрүнүш өзгөчө жума күндөрү арбыйт. Класстардан кеминде 10 чакты окуучу, тайпалардан 10-15 студент сабакты таштап жума намаздарына кетишет. Кээде алар тобу менен мечитке кетип калгандыктан, сабактар үзгүлтүккө учурайт.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы буга чейин сабактан качып намазга барып жаткан окуучулар боюнча эскертүү берилгенин кабарлаган.

Ошто 50 миңден ашык окуучу жана 60 миңдей студент билим алышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG