Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Кылмышкерди издөө иши Дордой-2 конушунда үймө-үй жүрүүдө


Айрым маалыматтар боюнча, Азамат Мүсүралиевди аймактан көргөндөр бар экен. Анын жарадар экендиги айтылууда. Милициянын атайын тобу иттер менен жаңы конуштагы үйлөрдү бирден кирип, издеп жатышат.

“Дордой” базарында соода токтогону айтылууда. Базардагы соода контейнерлери дээрлик бардыгы жабык, деп маалымдады кабарчыбыз.

Октябрдын 11инен 12сине караган түнү №50 абактан төрт киши качып кеткен. Алардын бири, 39 жаштагы Данияр Кадыралиев бүгүн эртең менен Энесай жаңы конушундагы ээсиз үйлөрдүн биринде кармоо учурунда милицияга каршылык кылганы үчүн жок кылынган. Азамат Мүсүралиев качып кетүүгө үлгүргөн.

Калган экөөнүн - Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахмановдун дайыны белгисиз.

Түрмөдөн качкандар өтө кооптуу кылмышкер болгондуктан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алар тууралуу маалымат бергендерге 300 миң сом сыйпул жарыялаган.

Учурда өлкө боюнча күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.(SDz/ZKo)

XS
SM
MD
LG