Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:21

Орусия Пакистандагы газ куурунун курулушуна 2 млрд. доллар салат


Москва менен Исламабад Пакистандын Карачи шаарын Араб деңизинин жээгиндеги Лахор портуна туташтырчу газ куурун салуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Түндүк-түштүк кууру деп аталган долбоорго Орусия 2 миллиард доллар инвестиция салат жана аны “Ростек” компаниясы курары маалымдалды.

1100 чакырымдык долбоордун биринчи бөлүгү 2017-жылы декабрда бүтүүгө тийиш. Карачи-Лахор кууру мерчемделгендей 2020-жылы бүткөндөн кийин ал аркылуу жылына 12,4 миллиард кубметр газ ташылат.

Келишимге эки өлкөнүн министрлери бүгүн Исламабадда Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шарифтин катышуусунда кол коюшту.

XS
SM
MD
LG