Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Жергиликтүү тургундар балдарын бакчадан ала албай жатышат


“Дордой-1” конушунун тургуну Нуржан курчоого алынган жерде жайгашкан жеке балдар бакчасындагы балдарын ала албай жатышканын “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Анын айтуусунда, балдар бакчасы жайгашкан жер милиция тарабынан курчоого алынып, сырттан кишилер киргизилбей турат.

Ички иштер кызматынын өкүлү “Азаттыктын” кабарчысына балдар бакчасы кайтарууга алынганын, кабатыр болууга негиз жок, деп билдирди.

Күч кызматтары түрмөдөн качкандарды издөө иштерин 16-октябрдын таңынан бери “Дордой” базары тараптагы жаңы конуштарда жүргүзүүдө.

Аймактагы "Эне-Сай" жаңы конушундагы ээсиз үйдөн качкандардын бири Данияр Кадыралиевди кармоо учурунда качкын милицияга куралдуу каршылык көрсөтүп, жок кылынды. Азыр аймакта жашынып жүрүшү мүмкүн, деген маалыматка байланыштуу дагы бир кылмышкер Азамат Мүсүралиевди кармоо боюнча операция улантылууда.(SDz;ZKo)

XS
SM
MD
LG