Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Ооганстан Барак Обаманын чечимине ыраазы


Ооган өкмөтү АКШ президенти Барак Обама америкалык аскерлердин Ооганстанда 2016-жылдын соңуна чейин калтыруу чечимин кубаттады. Президент Ашраф Гани Ооганстан мурдагыдай эле террорчулукка каршы күрөштө АКШ менен мамилени бекемдөөгө кызыкдар экенин 15-октябрда Твиттерде жазды.

Барак Обама 15-октябрда Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө АКШ аскерлеринин миссиясы өзгөрбөстүгүн, алар ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырып, террорчулукка каршы иштерге жардамдашарын маалымдаган. Анын айтуусунда, 2017-жылы Ооганстанда 5,5 миң гана америкалык аскер калат.

Ушул эле күнү Пентагон башчысы Эш Картер Ооганстандагы абалды турукташтыруу аракетине НАТОго мүчө өлкөлөр да өз салымын кошорунан күмөн санабасын билдирди.

НАТО былтыр Ооганстандагы аскердик милдетин аяктап, жоокерлеринин негизги бөлүгүн чыгарып кеткен. Учурда альянстын Ооганстанда 13 500 аскери бар. Алардын 9 800 АКШ жоокерлери.

XS
SM
MD
LG