Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

В. Путин: КМШ өлкөлөрү бирдиктүү чек ара күчтөрүн түзүшү ыктымал


Орусиялык аскерлер Тажикстан-Ооганстан чек арасында күзөттө жүрүшөт. 25-сентябрь 2001.
Орусиялык аскерлер Тажикстан-Ооганстан чек арасында күзөттө жүрүшөт. 25-сентябрь 2001.

Ооганстандын түндүгүндөгү курч жагдайга байланыштуу КМШ өлкөлөрү тышкы чек арасын коргоо үчүн биргелешкен аскер күчтөрүн түзүшү мүмкүн. Бул жөнүндө президент В. Путин КМШ өлкөлөрүнүн 16-октябрда Казакстандын Бурабай шаарчасындагы саммиттен кийин айтты.

- Ооганстанда кырдаал чындап эле кыйыныраак болуп турат. Ар кыл террорчулардын таасири өсүүдө жана алар баскынчылык ниетин жашырбайт. Алардын бир көздөгөнү - Борбор Азия чөлкөмүнө басып кирүү, -деди Орусия президенти.

Жыйында Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча кайрылууга, аскерий жана чек ара коопсуздугу жаатындагы кызматташтык тууралуу келишимдерге кол коюшту.

Ооганстан менен КМШга мүчө Тажикстан жана Өзбекстан чектешет.

XS
SM
MD
LG