Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:33

Президент Омор Султановду мааракеси менен куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз эл акыны Омор Султановду 80 жылдык мааракеси менен куттуктады. Мамлекет башчы жазган катта акын сөздүн чебери экени белгиленип, кыргыз жазуучуларынын арасында өзгөчө орду бар экени айтылат.

Акын, жазуучу, котормочу, кинодраматург жана коомдук ишмер Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айлында төрөлгөн. Анын алгачкы “Тоо күндөрү” аттуу ыр жыйнагы 1961-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 16 китеби кыргыз тилинде,10дон ашык китеби орус тилинде жарык көргөн.

Султановдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанат өткөн жумада өзүнүн кичи мекенинде башталган. Маараке Бишкектеги улуттук китепканада, Тарых музейинде, жогорку окуу жайларда уланып, ушул аптада Улуттук филармонияда расмий жыйынтыкталат.

Султановго Кыргыз эл акыны наамынан сырткары, III даражадагы “Манас” ордени да берилген.

Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык Түрксой уюму 2015-жыл - Омор Султанов жылы деп жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG