Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Ошто алдап машине саткандар көбөйдү


"Жапалак" автоунаа базары
"Жапалак" автоунаа базары

Ош шаардык милициясы билдиргендей, жыл башынан бери "Жапалак" автоунаа базарындагы алып-сатууга байланыштуу 217 алдамчылык фактысы катталды. Маалыматка караганда, бирөөдөн сатып алган унаасынын жарым акчасын бербей туруп, башка кардарга соодалап жибергендер көбөйгөн.

Милиция муну автоунаа сатып алууда ишеним каттын колдонулбай калышы менен байланыштырууда. Бул абал жоголгон унааларды издөө иштерине да түйшүк жаратып жатканы айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Жапалак базарына Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан унааларды алып келип, сатышат.

Машинени ишеним кат менен колдонуу тартиби 2012-жылдын август айында ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен жоюлган. (YI)

XS
SM
MD
LG