Милициянын генерал майору Эргеш Алиевдин 110 жылдык мааракесине карата “Алыш” күрөшү боюнча республикалык мелдеш Жалал-Абад шаарында өтүүдө. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Мелдешке өлкөнүн бардык облустарындагы башкармалыктардан жана Ички иштер министрлигинин аппаратынан 12 команда катышууда.
Эки күнгө созулчу күрөштүн алгачкы жыйынтыктарында Жалал-Абад командасы алдыда келе жатат. (RsK)