Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:44

Нарында «Менин түшүмүм, менин байлыгым» жармаңкеси өтүп жатат

Дүйнөлүк банктын адистери 13-октябрдан бери «Менин түшүмүм, менин байлыгым» долбоору менен Нарын шаарында дыйкандарга акысыз кеңеш берип жатышат. Бүгүн бул долбоордун алкагында борбордук аянтта жармаңке өтүүдө. Долбоордун максаты - элди үй-бүлөлүк бюджетти туура түзүүгө үйрөтүү экенин уюштуруучулар билдиришти.

Жармаңкеге Нарында өндүрүлгөн айыл чарба азыктары коюлган. Андан сырткары, балдар арасында сүрөт тартуу сынагы уюштурулган. Иш-чара эстрада ырчыларынын концерти менен коштолууда.

Ушундай эле өнөктүк менен Дүйнөлүк банк өкүлдөрү республиканын башка аймактарын да кыдырат. Нарын шаарындагы иш-чара 20-октябрда аяктайт. (MiK)

XS
SM
MD
LG