Казакстандын Талды-Коргон шаарында курулуш жүрүп жаткан имараттын бешинчи кабатынан куруучулар кулап түштү. Экөө каза таап, үчөө жараат алганын жергиликтүү булактар кабарлады. Расмий маалыматка караганда, алар дубалга шыбак берип жатканда астындагы тирөөч жылып кеткен. (SE)