Венгрия Хорватия менен чек арасын жапкандан кийин согуш тутанган аймактардан барган миңдеген мигранттар Хорватиядан Словенияга карай багыт алышты. Словения полициясы бүгүн бозгундарга толгон автобустар чек арага келгенин маалымдады.
Венгрия мигранттар агымын токтотуу максатында 16-октябрда чек араны жапкан. Өкмөт Европа элинин коопсуздугу үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Андан мурда Сербия менен чек араны жапкан болчу.
Быйыл Венгрияга 383 миңден ашык мигрант кирген.
Ал арада Европа Биримдиги батышка умтулуп жаткан мыйзамсыз мигранттардын агымын азайтуу максатында Түркия менен да келишим түздү. Биримдик көйгөйдү жоюу үчүн Түркияга каржылык көмөк берет.
Ушул тапта Түркияда да эки миллионго чамалуу качкын бар экени айтылат. Алардын көбү согуштан качкан сириялыктар. (SE)