Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

“Республика Ата-Журттун” тизмесине байланыштуу сот болуп жатат


Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда бүгүн “Республика Ата-Журт” партиясынан парламенттик шайлоого катышкан айрым талапкерлердин арызы каралууда. Тизмедеги талаш маселеден улам сегиз киши сотко кайрылышканын “Азаттыкка” алар өздөрү билдиришти.

Аталган партия менен парламентке ат салышып, бирок шайлоо өткөн соң тизмеден алынган онго жакын талапкер 16-октябрда Бишкекте митинг да өткөрүшкөн. Алар тизмеден чыгууга өз колдору менен арыз жазбаганын айтып нааразы болушкан. Партия жетекчилиги алар өз колдору менен арыз жазган деп ишендирүүдө.

“Республика Ата-Журт" партиясы 70ке жакын талапкерин тизмеден чыгарган.

Үгүт өнөктүгү башталарда аталган партиянын талапкерлери жетишерлик добуш албаса, тизмеден чыгарын айтып ант ичишкен.

“Республика Ата-Журтка” Жогорку Кеңеште 28 мандат тийген. (SE)

XS
SM
MD
LG