Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Атамбаев Москванын Сириядагы аскерий аракетин колдойт


Алмазбек Атамбаевдин "Россия" каналына берген маегинен. 17-октябрь, 2015-жыл.
Алмазбек Атамбаевдин "Россия" каналына берген маегинен. 17-октябрь, 2015-жыл.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Москва Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун турумдарына уруп жаткан соккуларды колдойт жана муну Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы коопсуздукту сактоонун жолу катары сыпаттайт. Бул тууралуу ал Орусиянын мамлекеттик “Россия” телеканалына курган маегинде айтты.

Атамбаев менен журналист Сергей Брилевдун маеги 17-октябрь күнү эфирге берилди. Журналисттин “Сириядагы орус аскерлери Кыргызстандын коопсуздугу үчүн да күрөшүп жатат десек туура болобу?”- деген суроосуна Атамбаев төмөнкүчө жооп берди:

- Ооба, бул туура. Сирияда согушуп жүргөндөр ал жактагы максаттарын ишке ашырган соң Борбор Азияга, анын арасында Кыргызстанга багыт алат. “Ислам мамлекети” тобунун бул жааттагы кайрылууларынан кабардарбыз,- деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекет башчыларынын ичинен Орусиянын Сирия аймагындагы аскерий аракетин колдогон алгачкы лидер экени маектин жүрүшүндө баса белгиленди.

Орус аскерлери сентябрдан тарта Сирияда активдешти. Расмий бийлик террорчулардын турумдарына абадан сокку уруп жатканын белгилейт. Бирок Батыш мамлекеттери Москва президент Башар Асадга колдоо көрсөтүп, оппозицияны жок кылуу аракетинде деп сындап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG