Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Иран Сирияда кошууну бар экенин төгүндөдү


Иран бийлиги Сирияда кошууну бар экенин төгүндөп, бирок президент Башар Асаддын режимин колдоо аракетин күчөтөрүн маалымдады. Бир күн мурун АКШнын расмий өкүлү Ирандын миңдеген аскерлери Сирияда Асадды колдоп, күрөшүп жатканын айткан болчу. Бул маалымат туура эместигин Ирандын тышкы иштер министринин орунбасары Хусейн Эмир Абдулла билдирди.

- Ирак жана Сирия өкмөттөрүнүн суранычы менен ал жакка аскер багытындагы кеңешчилерди жөнөткөнбүз. Террорчуларга каршы күрөштө Сирияга кеңешчилер аркылуу көмөк берүүнү күчөтөбүз.

Иран Сирия өкмөтүнүн негизги союздашы болуп эсептелет.

Сирияда 2011-жылы тутанган согуштан бери 250 миңдей адам набыт болду. Миллиондогон кишилер башпаанексиз калды. (SE)

XS
SM
MD
LG