Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Сот “Республика Ата-Журт” тизмеси боюнча БШК чечимин күчүндө калтырды


“Республика Ата-Журт” партиясынын тизмеси боюнча нааразы болуп, сотко кайрылган сегиз талапкердин үчөөнүн арызын сот канааттандырган жок. Аларды тизмеден чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган чечим күчүндө калды. Дагы беш кишинин арызы ушул тапта каралууда.

Аталган партия менен парламент депутаттыгына ат салышып, бирок шайлоо өткөн соң тизмеден алынган сегиз талапкер сотко кайрылган. Алар тизмеден чыгууга өз колдору менен арыз жазбаганын айтып жатышат. Арыздар бүгүн Биринчи Май райондук сотунда каралды.

Партия жетекчилиги талапкерлер тизмеден чыгуу тууралуу арызды өздөрү жазган деп ишендирүүдө.

“Республика Ата-Журт" партиясы 70ке жакын талапкерин тизмеден чыгарган болчу.

Үгүт өнөктүгү башталарда талапкерлер жетишерлик добуш албаса, тизмеден чыгарын айтып ант ичишкен.

“Республика Ата-Журтка” Жогорку Кеңеште 28 мандат тийген. (SE)

XS
SM
MD
LG