Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

Партия тизмесинен чыгарылгандар Жогорку Сотко кайрылат


Бул тууралуу "Республика Ата-Журт" партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги Аида Исмаилова билдирди. Аида Исмаилова жана “Республика Ата-Журттун” жетимиштей талапкери шайлоодон кийин тизмеден чыгарылып, мандат алуу укугунан ажыратылган. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкерлердин арызынын негизинде кабыл алынганы кабарланган.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу талабы менен сегиз талапкер Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.

Райондук сот 18-октябрда маселени карап, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды. Тизмеден чыгарылган талапкерлер эми Жогорку Сотко кайрылууну көздөшүүдө.

Партиялык ички келишим боюнча бөлүнгөн округдан жетиштүү добуш алалбаган талапкерлер өз ыктыяры менен мандат алуудан баш тартарын алдын ала жазылган арызда белгилешкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG