"Рейтер" маалымат агенттигинин жазуусуна караганда, 18-октябрдагы Египеттеги парламенттик шайлоого келгендер аз. Шайлоочулардын 10% гана келген. 2011-2012-жылдагы шайлоого катышкандар көп болгон.
Шайлоочулардын аз келиши алардын шайлоонун биринчи этабын этибарга албашынан кабар берет. Президент Ас-Сиси бул шайлоону “демократияга бараткан жолдогу ашуу” катары баалады.
5 миңден ашуун талапкердин көпчүлүгү президент Ас-Сисинин тарапкерлери. Египетте парламенттик шайлоо эки этап менен өткөрүлөт. Парламентте 568 депутаттык орун бар. (AiT)