Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Барактыктарга күздүк айдоого жардам жөнөтүлдү


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Өкмөттүн буйругуна ылайык, Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундарына 7 тонна азот, 4 тонна 200 кг аммофос, 18 тонна буудай, 1 трактор жана 1 комбайн жеткирилип берилди. Муну ӨКМдин 6 оор жүк ташуучу унаасы алып барып келди.

Кайра кайткан жүк ташуучу унаалар Барактан терек жүктөй чыгышты. Теректер Кара-Суу районунун Сары-Колот айылына түшүрүлөт.

Баракта буга чейин 200дөй кожолук жашачу. Өткөн жылдын күз айынан баштап Барак эксклавынын тургундары Кара-Суунун Сары-Колот айыл округунун Беш-Үй участкасына көчүп келе баштаган. Учурда Барактын өзүндө 30дай үй-бүлө, же болбосо 130дай гана адам калды. Азыр барактыктар 5 чакырым аралык жол үчүн Кызыл-Кыя аркылуу айланып, 400дөй чакырым жол менен катташууда.(ErN)

XS
SM
MD
LG