Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ош шаар сууканал” муниципалдык ишканасынан билдиришти. Алар мунун себебин профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу экенин айтышты.
Маалым болгондой, Ош шаарында 20-октябрь түнкү саат 12ден баштап, 22-октябрь түнкү саат 12ге чейин таза суу берүү токтотулат. “Ош шаар сууканал” ишканасы шаардыктарды ушул убакытка жете турган таза суу камдап алууну эскертет. (ErN)