Төө бурчактын баасына байланыштуу дыйкан-фермерлердин кайрылуусунан улам Монополияны жөнгө салуу агенттигинин төрагасы Болсунбек Казаков жана Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Талас облусуна жөнөп кетишти.
Алар өкмөт башчы Темир Сариевдин атайын тапшырмасына ылайык төө буурчактын баасына байланыштуу жагдайды териштирип, дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Темир Сариев эгер төө буурчактын баасын атайлап төмөндөткөн ортомчулар аныкталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдын чегинде жоопкерчилигин кароону тапшырды.
Ошондой эле өкмөт айыл чарба азыктарынын бааларынын төмөндөөсүнө коңшу өлкөлөрдө жана дүйнөлүк базардагы арзандоолорго көз каранды экендигин белгилеген.
Өткөн аптада таластагы дыйкандар төө буурчактын баасы быйыл аябай арзан болуп жатканына нааразылыгын билдирип, митингге чыгышкан.
Бүгүнкү күндө төө буурчактын 1кг. 25 сомдон 35 сомго чейин алынууда. Мурдагы жылы төө буурчактын 1 кг. 100 сомдун айланасында сатылган.(ZKo)