Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылы 41 772 киши майыптыкты күбөлөндүрүү жараянынан өтүштү. Бул өткөн жылкыга караганда 2,8% аз. Маалыматта айтылгандай, биринчи жолу майып деп таанылгандардын саны 11,4% азайган, майыптыгын кайталап күбөлөндүрүү жараянында 397 киши “дени сак” деп табылган.
Жалпы Кыргызстан боюнча 168,1 миң кишинин мүмкүнчүлүгү чектелген, алардын ичинен 27,4 миңи жаш балдар. Майып кишилер Кыргызстандагы жалпы элдин 2,8% түзөт.
Майыптарды колдоо үчүн ай сайын мамлекет тарабынан үч миң сомдун айланасында жөлөк пул берилет.(ZKo)