Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

НАТО ири аскердик машыгуу өткөрөт


НАТОнун Польшадагы машыгуулары. 18-июнь, 2015-жыл.
НАТОнун Польшадагы машыгуулары. 18-июнь, 2015-жыл.

Үч апта бою Испания, Италия, Португалиянын аймагында өтө турган машыгуу 2002-жылдан берки эң ири машыгуу катары мүнөздөлүүдө.

19-октябрда Сицилиядагы Трапани базасынан Trident Juncture деген ат менен баштала турган машыгууда Түндүк атлантикалык альянстын аскердик кубаты суудан, кургактан жана абадан текшерилет.

Машыгууга 30 өлкөдөн 36 миңдей аскер жана жарандар катышмакчы, ага катар 130тай учак, 16 тик учак, 60тай кеме жана суу астында жүрүүчү кеме тартылат.

Машыгууга НАТОго мүчө эмес Украина жана Африка өлкөлөрүнүн Африка союзу да катышууда. Орусия байкоочу иретинде чакырылган.

Машыгуу НАТО Орусиянын Украинада аракеттерине жооп иретинде былтыр кураган ыкчам даярдыктагы күчтөрдүн жөндөмүн сыноо максатын көздөйт. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG