Кытай бийликтери бүгүн билдиргендей, быйылкы жылдын июль-сентябрь айларында Улуттук дүң өндүрүштүн көрсөткүчү 6,9% гана түздү.
Дүйнөнүн экинчи ири экономикасында тышкы сооданын басаңдоосу жана өндүрүш сектору чыгарган продукция көлөмүнүн азайуусу өлкөдө жумушсуздук күчөп, атүгүл социалдык башаламандык чыгып кетпейби деген тынчсызданууларды жараткан.
Борбордук өкмөт былтыр ноябрдан бери эле экономикага дем берүү аракетинде кредиттер боюнча үстөк пайызды беш ирет төмөндөттү.
Бээжинден келген кабарлардан улам жалпы дүйнөлүк экономиканын саламаттыгы боюнча да тынчсыздануулар айтылып жатат.
Талдоочулар Кытайдагы экономикалык өсүштүн көрсөткүчтөрү алдыда да басаңдарын болжолдошууда. (UE)