Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

Нарымбаев көрсөтмө берип жатат


Ушул тапта президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев сотто көрсөтмө берип, Нариман Түлеевдин жакындарынан алынган 50 миң доллар парага тиешеси жоктугун айтууда:

-Мен Түлеевдин камакка алынган мүлктөрү мыйзам чегинде каралышы керектиги тууралуу президент Атамбаевге маалымдагам. Президент бардыгы мыйзам чегинде гана болушу керек деген. Мен президент менен сүйлөшүүбүздүн мазмунун Жогорку соттун төрайымы Жамашевага да айткам.

Данияр Нарымбаев ушул тапта мамлекеттик айыптоочунун суроолоруна жооп берүүдө.

Учурда Биринчи Май райондук сотунда Хажимурат Коркмазов менен Данияр Нарымбаевдин коррупциялык ишине байланыштуу сот отуруму жүрүп жатат.(UEz;ZKo)

XS
SM
MD
LG