Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Ошто балдар тамагын жакшылап кароо боюнча окутуу өттү


Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук уюмунан “Азаттыкка” билдиришти. Ноокаттын Көк-Жар айылындагы Мамытов мектебинде жана Алай районунун Гүлчө кыштагындагы “Абдразак Кадырмамат уулу” атындагы мектебинде мекеме жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ата-энелер мектепте балдардын тамактануусун жакшыртуу боюнча окуулуктан өтүштү.

Аларга мектепте башталгыч класстын окуучуларын тамактандыруунун ролу, мектеп ашканаларын жакшыртуудагы ата-энелердин жана жергиликтүү бийликтердин жоопкерчилиги тууралуу айтылды. 20-октябрда Өзгөндөгү мектептерде да ушул боюнча окутуу жүрөт.

Ушундай эле тренингдер учурда Баткен облусундагы 4 мектепте өттү. Буга чейин Ысык-Көл, Чүй облустарында да жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен ата-энелер окутулган.

Тренингдер “Роза Отунбаеванын” демилгеси коомдук фондунун “Кыргыз Республикасындагы мектеп окуучуларынын тамактануусун оптималдаштыруу” аттуу долбоордун негизинде уюштурулууда. Ал БУУнун азык-түлүк программасынан каржыланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG