Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Тажикстандын чек арадагы айылында ок атылды


Тажикстандын Мачайи кыштагына чектеш Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургундары “Азаттыкка” билдиргендей, учурда Тажикстандын Исфара-Ворух жолунун жээгинде жайгашкан Мачайи кыштагында 100дөй киши чогулуп турушат.

Үчдөбөлүктөр автоматтан атылган октордун үнү угулганын айтышууда. Азырынча бул окуя эмнеге байланыштуу экенин жана ок атышуу кандайча болгонун тактоо кыйынчылыкка турууда.

Жергиликтүү ички иштер кызматкерлери Кыргызстандын Тажикстанга чектеш айылдарында абал тынч экенин, чек арада эч кандай окуя катталбаганын билдирүүдө.(JsA)

XS
SM
MD
LG