Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү маңзат менен кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Шаардык сот чечиминин негизинде, калаа милициясынын кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагынан баңги заттарды сатып өткөрөт деген шек менен 1966-жылы туулган Х.Н. аттуу жарандын үйү текшерилип, андан 3 грамм 10 мм. героин табылды. Маңзат анын короосунда жашырылган жерден табылды.

«Наби» каймана аты менен белгилүү болгон жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турары аныкталды. Ал учурда Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя боюнча иликтөө жүрүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG