Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Иран өзөктүк программа келишими жыл аягында ишке ашарына үмүт артат


Расмий Тегеран дүйнөнүн алты ири державасы менен түзүлгөн келишим ушул жылдын соңуна чейин ишке ашырыларына үмүт артып отурганын Ирандын сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Аббас Аракчи бүгүн Венадан билдирди.

Бир тараптан Иран, экинчи тараптан АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция, Германия ортосундагы келишимге июлдун башында кол коюлган. Келишимге ылайык, Иран Батыш өлкөлөрү шек санаган өзөктүк программасын чектөөгө киришсе, ага каршы эл аралык санкциялар баскыч-баскыч менен жоюла башташы керек.

Кечээ АКШ менен Евробиримдик Ирандын келишимдеги уран байытуучу жабдуу - центрифугалардын санын жана байытылган урандын корун азайтуу боюнча милдеттенмеси аткарылган кезде санкциялардын алынышына алып бара турган укуктук кадамдарды жасашты.

Ирандык расмий өкүл Аббас Аракчинин айтуусунда, центрифугаларды колдонуудан чыгаруу иши жакынкы күндөрү башталат. (UE)

XS
SM
MD
LG