Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Янукович украин өкмөтүн сотко берди


Виктор Янукович.
Виктор Янукович.

Бийликтен кулатылган мурдагы президент Виктор Янукович укугу “утур-утур” бузулганы үчүн украин өкмөтүн сотко бергенин адвокаттары маалымдашты.

Лондондо жайгашкан Joseph Hage Aaronson юридикалык компаниясы 19-октябрда билдиргендей, Виктор Янукович Киевдеги бийликке каршы доо арызды Адам укуктары боюнча Европа сотуна жолдоду. Адвокаттардын пикиринде, мурдагы президент “саясий көз караштары жана макамы үчүн дискриминацияга кабылган”.

Янукович 2014-жылдын февралындагы демонстрациялар учурунда качып кеткенден бери Орусияда жашайт. Бирок так жашаган жери белгисиз.

Быйыл августтан тарта Киевде мурдагы президенттин үстүнөн сырттан сот жүрүп жатат. Ал демонстранттардын өлүмүнө катышы бар деп айыпталууда. Януковичке коррупцияга аралашты, акча уурдады деген айыптар да коюлган. Адвокаттарынын ырастоосунда, Янукович мекенине коопсуздук жүйөсүнөн улам келе албайт. (UE)

XS
SM
MD
LG