Премьер-министр Наваз Шариф 20-октябрдан башталчу АКШга үч күндүк сапарында ооган өкмөтү менен талибдердин тынчтык сүйлөшүүсүн кайра жандантуу маселесин талкуулайт.
Ак үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест ооган сүйлөшүүлөрүн баштоодо Пакистандын ролун оң баалады. Исламабаддын ортомчулугу астында андай сүйлөшүүлөр июлда болуп, бирок талибдердин лидери молдо Омардын өлүмү тууралуу маалыматтын чыгышы менен үзгүлттүккө учураган.
Пакистан өкмөт башчысы ал сүйлөшүүнү кайра жандантуу максатын билдирген. Наваз Шарифтин сапарынын алдында президент Барак Обама Ооганстандан АКШнын куралдуу күчтөрү толук чыгарылбашын жарыялаган. Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдө Кошмо Штаттардын Пакистанга финансылык жардам берүүсү да талкууланат. АКШ келерки жылы Исламабадга 794 млн. доллар жардам берүүнү белгилөөдө. (AiT)