“Жарандар электр энергиясын жылуулук үчүн колдонууга чектөө коюп, ал үчүн газ жана көмүр жагышса, үйүндө жарык да өчпөйт” деди премьер-министр Темир Сариев. Ал бул тууралуу 1-радиого маек берип жатып айтты.
Өкмөт башчынын айтуусунда, Кыргызстанда электр энергиясы аябай көп колдонулат, өзгөчө кыш мезгилинде бир суткада 22-23 млн. кВттын ордуна 70 млн. кВтка чейин чыгып кетет. Жылытууну талап кылган беш ай үчүн 10 млрд. кВт саат электр энергиясы керектелет, ал эми Кыргызстанда ГЭСтер менен ТЭЦтер бир жылда болгону 14 млрд. кВт саат электр энергиясын иштеп чыгарын белгилеген өкмөт башчы кыргызстандыктарды сарамжал болууга чакырды.
Өткөн жылы Токтогул суу сактагычында суу аз болуп, өкмөт электр энергиясын колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштаган. Бирок президенттин буйругу менен коңшу Казакстандан кошумча 500 млн. кВт саат электр энергиясы импорттолуп, кышкы жылуулук мезгилинде электр энергиясына таңкыстык болгон эмес.
Учурда Токтогул суу сактагычында 13 млрд. куб метр суу бар. Өткөн жылы октябрь айында суу сактагычта 11,7 млрд. куб метр суу бар болчу.(ZKo)