Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Ошто 30 гектар жер тилкеси мыйзамсыз сатылганы аныкталды


Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери, Жапалак айылдык жетекчилиги жана Ош шаарынын архитектура башкармалыгы Жапалактагы 30 гектар жерди 310 миң сомго сатып жиберишкени такталды. Бийлик органдарынын жардамы менен жер тилкеси Оштогу жогорку окуу жайлардын ректорунун биринин аялына менчикке өтүп кеткен.

30 гектар жер өкмөттүн буйругу менен “айыл чарба багытындагы айдоо аянты” категориясынан “калктуу түйүндөр” категориясына атайын өзгөртүлгөн. Мында жалпы 154 участок болуп, ага ФАП, дарыкана, мектеп, бала бакча жана башка социалдык жайлар курулмак.

Учурда иш боюнча Ош шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин алып барууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG