Ички иштер министрлиги универсал кайгуул кызматын түзүүнү сунуштоодо. Ага ылайык, жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматы бириктирилет. Долбоор боюнча, универсал кайгуул кызматы 102ге келип түшкөн бардык чалууларды тейлейт, көп багытта иш алып барат. Жол эрежелерин бузгандар фото-видео аркылуу гана аныкталат. Долбоордун авторлору белгилегендей, алгачкы пилоттук иштер дал ушул жол эрежелерин бузгандарды фото, видео аркылуу аныктоо аркылуу башталмакчы.
Универсал кайгуул кызматын түзүү бир нече этап менен ишке ашат. Анын ичинде уюштуруу иштери, кызматкерлердин жүрүм-турумунун жол-жобосун иштеп чыгуу, материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана кызматкерлерди конкурстук негизде тандап алуу.
Долбоор авторлору жаңы кызмат 2016-жылдан тартып иштей башташын болжолдоодо. Жаңы ишти каржылоого 6 миллион доллар караларын Мелис Турганбаев билдирди.
Ушул тапта Ички иштер академиясында тартип коргоо органдарын реформалоо боюнча кеңеш жыйыны өтүүдө. Ага вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана ички иштер министри Мелис Турганбаев катышып жатат.(EBM;ZKo)