Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Ошто колдоого муктаж балдар үчүн кайрымдуулук жармаңкеси өтөт


Кайрымдуулук иш-чарасын уюштуруучулардын бири Люцина Баратованын “Азаттыкка” билдиришинче, 25-октябрда шаардагы “Изюм” кафесинде дүкөндөр, интернет дүкөндөр, сулуулук салондору, кондитерлер жана башка кызмат көрсөткөн ишкерлер түрдүү кызматтарды арзан сунуштайт. Алардын ар бири жармаңке үчүн миң сомдон акы төлөйт. Андан чогулган акчага шаардагы “Малютка” балдар үйүнө жана Нариман айылындагы жетим балдардын интернатына кийим жуучу жана идиш-аяктарды жуугуч каражаттар сатылып берилет.

Жармаңкеде жаш энелер үчүн акушер-гинекологдор жана психологдор да кеңеш беришет. Иш-чарада мындан сырткары күзгүгө жана кагазга сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Бул акцияны Ош шаарындагы жаш энелер уюштурууда. Алар кайрымдуулук жармаңкесине катышууга ишкерлерди жана шаардын тургундарын чакырат.

“Малютка” балдар үйүндө кароосуз калган 20 бала, ал эми Наримандагы ата-энесиз балдар интернатына 60тай балдар тарбияланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG