Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарындагы “Улыбка” коомдук уюмунан кабарлашты. Алар таптакыр укпаган жана угуусу начар 10дон ашык баланы орус тили, математика жана сүйлөө жөндөмүн арттыруу боюнча окутууда. Окуучулардан экөө мурда мектепте окугандар, калгандарынын билими жок.
“Улыбка” фонду буга чейин да 20-30дай мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ишкерлик кылууга окутуп, бешөөнүн бизнес башташын каржылап берген.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу “Чогуу жашаганды үйрөнөбүз” аттуу долбоордун алкагында өтүүдө. Долбоорду Дүйнөлүк балдар фонду каржылаган.
Учурда Ошто угуусу начар балдарга билим берүүчү жалгыз мектеп бар. Анда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан келген 170 окуучу билим алат. Ошол эле учурда адистер угуусу начар дагы жүздөгөн балдарды ата-энелери мектепке бербей жатканын айтып келатышат. (ErN)