Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Иран эки өспүрүмдү өлүм жазасына тарткандан кийин өлкө бийлигине мындай жазага мораторий киргизүүгө чакырды.
Узаган аптада Иранда Фатемех Салбехи 16 жашында өз эркине каршы турмушка чыгып, күйөөсүн өлтүргөнү үчүн асылса, 17 жаштагы Самад Захаби жанындагы баланы атып алганы үчүн асылды.
19-октябрда билдирүү жасаган БУУ баш катчысы Ирандагы мындай көрүнүшкө абдан кабатыр болуп жатканын билдирди.
Amnesty International уюму Иранда 160 өспүрүм өлүм жазасына тартыларын эсептеп чыккан.