Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Францияда ашынган оңчул лидер Марин Ле Пен соттолот


Марин Ле Пен Орусиянын Мамдумасында
Марин Ле Пен Орусиянын Мамдумасында

Францияда ашынган оңчулдардын лидери Марин Ле Пен расизм беренеси боюнча сот жообуна тартылмакчы.

Улуттук Фронт партиясын жетектен Ле Пен исламга жана миграция агымына каршы көз караштарын 2010-жылдын декабрь айында билдирген. Ал “Франциянын көчөлөрүндө намаз окуп жаткан мусулмандар Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы нацисттерди элестет экен”, деген комментарийи үчүн сот жообуна тартылганы турат.

Европа парламенти Ле Пенди кол тийбестик укугунан 2013-жылы ажыраткан.

Марин айым күнөөлүү деп табылса бир жылга камалып, 51 миң АКШ доллары өлчөмүндө айыппул төлөйт.

Жалпы Франциянын 66 миллион калкынын 10 % – мусулмандар. Бийлик алардын көчөдө намаз окуусун 2011-жылдагы ашынган оңчулдардын көтөрүлүштөрүнөн кийин тыйган болчу.

XS
SM
MD
LG