Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Словения мигранттарды тосууда аскер күчүн колдонушу мүмкүн


Словения өкмөтү Хорватия менен чектешкен аймагындагы мигранттардын агымын токтотуу үчүн аскер колдонуу боюнча мыйзам кабыл алуу сунушун жасады.

20-октябрь түнү өкмөттүн шашылыш жыйынында жасалган бул сунуш эми Словения парламентинде каралмакчы.

19-октябрда бул өлкөнүн аймагына Хорватиядан миңден ашуун мигрант кирүүгө аракет кылган. Хорватия коңшу өлкөлөрүн күнүнө 5 миң мигранттан кабыл алгыла деп суранган. Бирок Словения бул өтүнүчтү кабылдаган жок.

Сирия, Ооганстан, Ирактан качкан он миңдеген мигранттар Балкан өлкөлөрү аркылуу Батыш Европага кетүүнү көздөп агылууда. Венгрия өз чек арасын жаап алган соң алардын агымы Хорватия менен Сербияны көздөй бурулду.

XS
SM
MD
LG