Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

500дөн ашуун Оштун тургуну "кара тизмеден" чыкты


Орусиянын "кара тизмесинде" жүргөн 500дөн ашуун Ош шаарынын тургуну үч айдын ичинде тыюу салуудан чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык эмгек, миграция жана жаштар башкармалыгынан кабарлашты.

Башкармалыктан белгилегендей, ара тизмеден чыккандардын дээрлик көпчүлүгү дароо Орусияга кайрадан иштегени кетишүүдө.

Ош калаасында күн сайын "кара тизмеден" чыгаруу боюнча арыз менен кайрылгандар көп. Шаардык миграция башкармалыгы алардын документтерин кабыл алып, Орусиянын тиешелүү кызматтарына жөнөтүүдө.

Орусиянын федералдык миграция кызматынын маалыматына караганда, "кара тизмеге" катталган 77 миң кыргызстандык жарандын ичинен 50 миңи расмий түрдө андан чыгарылган. Мындан тышкары, Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн "кара тизмеге" кирип калуу тобокелдиги бар дагы 190 миң жаран катталып, бүгүнкү күндө алардын 30 миңи өлкөдөн чыгып, кайра кирүү жолу менен миграциялык тарыхын тазалап алууга жетишкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG