Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Орусиянын аба соккуларынан 45 киши өлдү


Сириядагы адам укуктарын изилдеген уюмдун маалымдоосу боюнча, Орусиянын аба соккуларынан Латакия провинциясында 45 адам каза болду. Алардын ичинде согушкерлер жана жөн жай кишилер да бар.

19-октябрда согушкерлердин бөлүгү жайгашкан Жабал Акрад аймагын бутага алган орус чабуулдарынан набыт болгондордун арасында козголоңчулар штабынын жетекчиси Асил Замбо да бар экенин аталган уюм ырастады. Замбо Вашингтон каржылаган “Эркин Сирия Армиясы” аттуу топту аскерий бөлүктү башкарып турган.

Ал арада Орусиянын федерациялык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко 19-октябрда Сирия маселеси боюнча Женевада өткөн жыйындан кийин басма сөз чогулушун өткөрүп, Сириядагы кризис жаатында АКШнын Мамкатчысы Жон Керринин сунушунан кийин биргелешип кароо пайдалуу болорун мындайча белгиледи:

“Жон Керринин көп тараптуу сүйлөшүү боюнча сунушуна ар дайым даярбыз. Мындай сүйлөшүүлөр ар дайым жакшы тыянак берет. Биринчиден, ишенимдүүлүктү арттырса, экинчиден компромисске барабыз”.

Матвиенко Сирияны “Ислам мамлекети” радикал тобу сыяктуу экстремисттерден тазалоо керек, деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG