Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Жалал-Абадда "ак алтындын" 90%дан ашыгы жыйналып бүттү


Облус аймагында эгилген 9,5 миң гектарга жакын аянттагы пахта талааларынын дээрлик 90%ы жыйналып бүттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Ажимамат Исаев "Азаттыкка" билдирди. Пахта талааларында түшүмдүүлүк орточо эсеп менен 25 центнерден алынып, 30 миң тоннадан ашуун "ак алтын" жыйноо пландалууда.

Учурда анын баасы килограммы 40-41 сомдон сатып алынууда. Дыйкандар пахтанын баасы сарпталган каражат менен жумшалган мээнетти актабай жатканына нааразы.

Былтыркы жылы облус аймагында пахта 500 гектарга көп эгилген. Быйыл аз айдалуусуна да ак буланын баасы арзан болушу негизги себеп болду. (RsK)

XS
SM
MD
LG