Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Өкмөт башчы мектептеги мушташ боюнча катуу чара көрүүнү тапшырды


Премьер-министр Темир Сариев Бишкектеги №38 мектепте орун алган окуяга жол бергендерге катуу чараларды көрүүнү тапшырды. Сариевдин көрсөтмөсү менен окуянын себептерин териштирүү боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева жетектеген мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Комиссия он күн ичинде билим берүү жаатында тарбиялык иштерди күчөтүү жана бул жааттагы системалык иштерди карап чыгуу, окуяга себеп болгон жагдайларды жана шарттарды жок кылуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуусу зарыл.

Өкмөт башчы спорт мектебинин жетекчилиги жана машыктыруучулардын жоопкерчилигин кароону да тапшырды. Окуучулардын ден соолугуна жана мектеп мүлкүнө зыян келтиргендерди жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин билдирди.

Премьер-министр бул окуя боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүп, Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын кадрдык саясатын карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” билдирди.

20-октябрда Бишкектеги №38 орто мектепке коңшулаш жайгашкан Олимпиадалык резерв мектебинин 50дөн ашуун тарбиялануучусу таш, таяк, союл менен кирип келиишип эшик-терезелерди талкалап, окуучуларды сабап кетишкен. Буга байланыштуу билим берүү министрлиги, Дене тарбия жана спорт агенттиги чогуу иликтөө иштерин жүргүзүүнү чечишти.

Ал эми ички иштер кызматкерлери бул иш боюнча “Ээнбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.( ZKo)

XS
SM
MD
LG