Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Өзбекстандагы пахта терим маалында бир окуучу өз жанын кыйды


Каракалпакстандагы Академиялык лицейдин 3-курсунун студенти, 1997-жылы төрөлгөн Мансур Матякубов пахта терими маалында өз жанын өзү кыйганын “Азаттыктын” өзбек кызматына кечээ өлкөнүн укук коргоо органдары маалымдашты.

Кырсык 2-октябрда болгон, студентти өлүмгө түрткөн себептер ушул күнгө чейин тактала элек. Ар кандай булактардын маалыматтарына ылайык, Мансур ден соолугуна байланыштуу пахта теримге баруудан баш тартса да болбой, окуу жайдын жетекчилиги аны башка окуучулар менен бирге талаага айдаган. Ошону менен бирге Мансур өз каалоосу менен пахта терүүгө барып жатканын жазган каты да табылган.

Учурда өлүмдүн себептери иликтенүүдө, бирок кылмыш иши козголгон эмес. “Азаттыктын” өзбек кызматы быйылкы пахта теримге байланыштуу Өзбекстанда ондон ашуун кайгылуу окуя болуп кеткенин жазды.

XS
SM
MD
LG